Биз социалдык тармакта

2 күндөн бери дайынсыз. Ысык-атада 13 жаштагы кыз изделүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 13 жаштагы Медина Жумагазиева дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 22-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилери: бою 159 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы узун,кара көзүнүн түсү күрөң, бетинде сепкилдер бар.

Кийген кийими: кара түстөгү куртка, кара жынсы шым, бутунда кара бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким өспүрүм кыз жөнүндө маалымат билген болсо, төмөнкү байланыш номерлерине чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0703 17 17 75 .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан