Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев президенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракети болушу мүмкүн экенин билдирди

Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйындын жүрүшүндө президенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу аракети мүмкүн экендигин билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматтар өлкөдөгү башаламандыктарды кылбоого болгон аракеттерин көрүшөт.

"Бизде кырдаалды дестабилдештирүүгө ким жана кайсы талапкер даярданып жатканы тууралуу маалымат бар. Шайлоодон кийин бул талапкерлерге чара көрөбүз. Айрым талапкерлер шайлоо өнөктүгүн жүргүзбөй, шайлоодон кийин кырдаалды дестабилдештирүүгө камынып жатканы тууралуу бизде конкреттүү маалыматтар бар. Буга биздин эл жол бербейт деп ишенем. Эгерде ошол күчтөр миңдеген адамдарды көчөгө алып чыкса, анда андан көп миллиондогон адамдар чыгышы мүмкүн. Ошондуктан ушундай жолду көздөп жаткандар мындай иштерди үмүт кылбасын", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bbek
2020-12-24 16:38:20
Камчы азамат катуу тур ары жоктор ар нерсе кылып провакация кылышы мумкун
+10
JaneEr
2020-12-24 16:58:13
Малумаровдон соок кажыган иттери чыгышы мумкун...
+5
NURSAPAR
2020-12-24 17:16:36
Кудай сактасын. Тынч эле өтсүн шайлоо.
+6
Margo82
2020-12-24 17:50:09
Жеңилгенден кийин тынч отуруп калгыла да ,өмүрү шайлоого өтпөгөн партиялар,(ким экени белгилүү)мен тааныбайм деп чыгып эле ызы чуу кыла бербей желмогуздар.
Чарчадык төңкөрүштөн.
Тынч жашайбызбы же жокпу бийлик деп жулунган чимкирик манкалар..Жерим өнүксүн дн адам бир тал чобуно да зыян келтирбейт.А бул акмактар ар 5 жылда талкаланат .Нааразымын дешип.
+6
aslan_akjol89
2020-12-25 23:50:35
Миндеген адам чыкса миллиондогон адамды каршы чыгарасынарбы ошондо?Элди озунор эле кагылыштырып коесунарбы демек?Тантыгандын да чеги болуш керек го дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан