Биз социалдык тармакта

Өмүрбек Текебаев: "Туулган күнүмдү биринчи жолу ресторанда белгиледим, каражатты балдарым төлөдү"

22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 62 жашка толду. Бул күнү жубайы Айгүл Текебаева социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп, анда ал туулган күн үй-бүлө мүчөлөрү менен белгиленип жатканын жазган.
"Ата-Мекен" партиясынын лидеринин жардамчысы Динар Турдугулова Текебаевдин туулган күнүнүн тегерегинде түрдүү кептер айтылганын, буга байланыштуу депутаттын өзүнөн комментарий алганын жазды.
"Ошол күнү айрымдар “Текебаев Бишкектеги эң кымбат ресторанда туулган күнүн белгилеп жатат” деп маалымат таратышты. Маңызы “эл кыйналып жатса, Текебаев шапар тээп чардап жатат, мынча акчаны кайдан алды?” деген мааниде жазып, окурмандарга сиздин ресторан толо конок чакырып, карантиндин эрежесин бузуп жатканыңыздай таасир жаратышты. Чын эле, иш жүзүндө кандай болду?", - деп сураган Турдугулова.
Текебаев суроого жооп берип жатып, үй-бүлөсү жупуну жашаганга көнгөнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн туулган күндөрүн дайыма үй шартында эле жөнөкөй, жупуну белгилешерин билдирген.
"Эч убакта мен юблилей белгилеп, көп эл чакырган учурум болгон эмес. 55 жашка чыкканда гана фракция мүчөлөрү менен, 60ка чыкканда Болот Шердин демилгеси менен юбилейим белгиленген. Анда өзүм түрмөдө болгонума байланыштуу, катышкан эмесмин. Ошондо Болот Шерге айткам, “Боке, бирөөнүн юбилейин өткөрөм деп кантип кайрыласың, эл эмне дейт?” десем, раматылык Болот “бул сенин жеке маселең эмес, бул партиянын иши” деп, бүт региондо жана Бишкекте коомдук иш-чара катары белгилеген. Өмүрүмдө ушул эки учурда туулган күнүм көп адамдын катышуусунда белгиленген.
Ал эми кечээ биринчи жолу чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен ресторанга барып, туулган күнүмдү белгиледик. Анын себеби, кызым Айданек, студент уулдарым Амантур, Эсентур пандемия учурунда дистанциялык шартта окуп, бош болгон маалда иштеп, акча таап калышты. Биринчи жолу алар өздөрү иштеп тапкан акчага “атабыздын туулган күнүн белгилеп берели” деп ресторанга чакырышты", - деген Текебаев.
Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Talant22
2020-12-24 17:24:44
62 жашыныз куттуу болсун менин туулган кунумда 22си
+8
Shabi
2020-12-24 17:40:11
Текебаевти эскилерден деп,эскилердин катарына кошуп жаман коргонубуз менен,чыныгы лидер саясатчы.экенин танбасак керек.Отуз жылдан бери кээ-бир саясатчылардай болуп,бийликте ким болсо ошонун камчысын чапкан эмес.Кайсы бийлик болбосун кемчилигин бетине айтып келген,корккон эмес.себеби: кээ-бир саясатчылардай,артында жыйган байлыгы жок.Чыныгы саясатчы катары ото сыйлайм.
+5
bbek
2020-12-24 18:54:34
Аа байкуш сага кыйындаа..
-2
Baiaman997
2020-12-24 19:04:02
Кезинде Атамбаевда, мени кошуналарым тамак алып чыгып багып жатат деп айткан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан