Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 17 жаштагы кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 24-декабрда саат 11:00 чамасында А.Э. аттуу жаран милиция бөлүмүнө кайрылып, 2003-жылы туулган кызын табышып коюуну өтүнгөн. Анда өспүрүмдүн Жал кичи районундагы үйдөн таштанды ыргытууга чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган. Саат 16:00 чамасында өспүрүм туугандарынын биринин үйүнөн аман-эсен табылды. Өспүрүмгө профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө", - дешти мекемеден.