Биз социалдык тармакта

Бишкекте өрт чыккан батирдеги 3 баланы куткарган баатырлар акимчилик тарабынан сыйланды

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып, анда 3 баланы куткарып калган калаа тургундары сыйланды.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 17-декабрда болжол менен саат 17:30 чамасында Лев Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин экинчи кабатындагы батирден өрт чыккан. Өрт чыккан учурда батирде 3 бала болгон, алар терезеден жардам сурап кыйкырышкан. Бул учурда көчөдөн өтүп бара жаткан Армис Дайынов менен Максат Шарапидинов аттуу жарандар жардамга келип, балдарды сыртка алып чыгышкан.
Бүгүн, 24-декабрда Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев балдарды куткарып калган жарандарды кабыл алып, ыраазычылык кат жана китеп тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Raihan0602
2020-12-25 11:10:52
Рамат балдарыбыздын баары силердей патриот эржүрөк болсун аман болгула
+1
Raihan0602
2020-12-25 11:11:51
Рахмат дейин дегем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан