Биз социалдык тармакта

"Майрам болбойт, кичинекейлерге көңүл бурабыз". Бишкек мэриясы мүмкүнчүлүгү чектелген, аялуу катмарга кирген балдарга 4 жарым миллион сомго белек алат

Калктын аялуу катмарына кирген жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек берүүгө Бишкек мэриясы 4 миллион 787 миң сом сарптоону көздөп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тилекке каршы, пандемиядан улам быйыл жаңы жылдык салтанаттуу иш-чаралар болбойт. Биз кичинекей бишкектиктерге көңүл буруп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган балдарга, убактылуу жашоо борборлорунун тарбиялануучуларына, 26 өкмөттүк эмес уюмдун тарбиялануучуларына, жалпы 1033 балага таттуу белектерди тартуулоону пландоодо. Аал үчүн шаардык бюджеттен 578 миң 500 сом каражат каралган.

Ошондой эле райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдүн жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун балага жаңы жылдык белектерди сатып алат. Ага 4 миллион 208 миң 500 сом бөлүнгөнү кабарланат мэриянын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2020-12-24 23:59:32
Азаматсынар, болот экен го иштесе?!. Мына, "камчы" катуу болсо кийиз казык жерге кирет деген ушул, эгер эски бийликтегилердин заманы уланганда миллиондор асманга атылып эле жок болмок. Буйруса Садыр Жапаров президент болсо чиновниктер ичип жеген мындай турсун жакшы результат корсотууго аракеттенип башташат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан