Биз социалдык тармакта

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 70 пайызга бүткөрүлдү

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 70 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 433 чакырымынын 193 чакырымына асфальт төшөлдү.

"Аталган альтернативдүү жол 5 долбоорго бүлүнөт. Анын 1-фазасында быйыл курулуш иштери жүрдү. Бирок пандемияга байланыштуу жумуштар план боюнча аткарылбай калды. Бирок ал фазадагы туннелди 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. 2-фазада 20 чакырым пландалган. Ал жолдун 17 чакырымына асфальт төшөлдү. Анда да эки эстакадалык көпүрө бар: биринчиси 1076 метр, экинчи 396 метрге созулат. Ал 90 пайызга бүттү. 3-фаза 3 долбоорго бөлүнгөн. Анда жер жумуштары, суу түтүктөрү боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдирди Бакыт Бердалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
D.iamond
2020-12-25 14:32:31
Олук, олук! Жолдогу иштегендер быйыл эч эле иштеген жок кытайларга салыштырмалуу. Ары бери термелип эле журушту бул темп менен Садырдын убагында да бутпой калышы мумкун. Жолду кашасын чыгарып салышкан, мурдагы тешик жолдордонда жаман айтор. Соз Кочкор менен Жумгалдын Дыйкан айылыны ортосу жонундо.
+5
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-12-25 23:43:43
Бул жол дагы 10 жылдан кийин бутсо суйуно бергиле
+1
miki87
2020-12-27 01:44:00
Акча кети чонтокторго ..... уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан