Профсоюздар федерациясынын төрагасы болуп Сагын Бозгунбаев шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте федерациянын кезексиз XXIV курултайы болуп өттү. Ага республикалык профсоюз борборунун курамына кирген тармактык профсоюз бирикмелеринин жана аймактык кеңештердин өкүлдөрү катышкан.