Биз социалдык тармакта

Кээ бир аймактарда кар жаайт. 26-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 26-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош облустарынын аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Талас, Баткен, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында кар жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3 градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус.

Бишкекте 25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз +1…+3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан