Биз социалдык тармакта

Түндө Ысык-Көлдө эки аймактын балдары маселени чечүү үчүн топтолушту. Милиция окуяны териштирилип жатканын айтты

Интернетке "Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында массалык баш аламандык орун алып жатат" деген видео тараган. Тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда облустун борборунда абал тынч жана стабилдүү деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарында 25-декабрда кечинде эки аймактын балдары топтолушкан. Алар пикир келишпестикти чечүү үчүн чогулган.

"Социалдык тармактарда тарап жаткан видеотасма боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. 25-декабрь күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Каракол ШИИБине билдирүү келип түшкөн, анда шаардын "Жеӊиш" эс алуу багынын жанында балдар чогулуп жатышкандыгы маалымдалган.

Жерине Ысык-Көл ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматы, тез чара көрүү отрядынын жана Каракол ШИИБдин өздүк курамдары барышып, өз ара пикир келишпестиктен Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун Жолколот айылынын айрым жаштары чогулуп жатышканы аныкталган. Чогулган жаштар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген. Саат 21:00 чамаларында топтолгон балдар тарап кетишкен.

"Жеӊиш" эс алуу багынын жанына чогулгандардын ичинен 14 адам (18-25 жаштагылар) Каракол ШИИБине алып келинип, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринен кийин эки тарап бири-бирине карата арыз жазуудан баш тартышты.

Эки тараптын ортосундагы талаштын келип чыгуу жагдайын аныктоо үчүн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

Учурда милиция кызматкерлери Жаӊы жылдык майрамга карата күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Ысык-Көл ОИИБи ата-энелерге кайрылып, өз балдарына тийиштүү көзөмөл жүргүзүп, өзгөчө түнкү мезгилде аларга көӊүл буруусун эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
friendwipkg
2020-12-26 12:40:23
кимди шайлайбыз? чечишип алалы. - деген болуш керек да. башка праблема жок.
+1
Nur777
2020-12-26 13:04:39
Толпа на толпу азыр деле модабы?))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан