Биз социалдык тармакта

Владимир Путинден ири компаниялардын акционери болууну сураган 7 жаштагы Рустамга кезектеги белек берилди

"Газпром" же "Роснефть” компанияларынын акционери болгусу келерин айтып, тула таттуусун сурап Владимир Путинге кат жазган Бишкектин 7 жаштагы тургуну Рустам Ташматовго кезектеги белектер тартууланды. Бул тууралуу Орусиянын Бишкек шаарындагы маданият жана илим борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, Владимир Путиндин өтүнүчү менен аталган борбордон Рустам Ташматовго Кремлден келген тула токочун, Путиндин портретин, анын кол тамгасы түшүрүлгөн кружканы тапшырышты. Ошондой эле борбордун жетекчиси Виктор Нефёдов Рустамга энциклопедия тартуулады.

Орусиянын өлкө башчысына кат жазган Рустам Ташматовго буга чейин тула таттуулары берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bema_bema
2020-12-26 15:04:44
Эми озубуздукунон эле кат жазгылачы мен уялдым бир жагы, катык тийсе кечирим сурайым.Кичине токоч учун бобокторду колдонгон туура эмес.
+3
Real_mir
2020-12-27 06:27:50
Бизде ким президент
0
Mirnar
2020-12-28 20:00:26
Кичинекей бала компаниянын акцияларын кайдан билет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан