Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 27-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 27-декабрда Бишкек шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -10 градуска чейин суук болот, күндүзү +1 градуска чейин жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Ал эми Чүй өрөөнүндө кээ бир аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -10 градус суук, күндүзү +3 градуска чейин жылуу болуп, укар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8, күндүзү +3 градуска чейин жылуу болуусу күтүлөт.

Нарын облусунда абанын температурасы түнкүсүн -20, күндүзү -11 градуска чейин суук болот.

Талас өрөөнүндө 27-декабрда кар жаап, түнкүсүн -7, күндүзү +1 градуска чейин жылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан