Биз социалдык тармакта

Ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырган Ош ОИИБинин башчылыгына жаңы жетекчи дайындалды

Ош облустук Ички иштер башкармалыгына жаӊы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы билдирди.

"Буга чейин аталган кызматты жетектеп келген милициянын генерал майору Малик Нурдинов ден соолугуна байланыштуу 2 күн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде Нурдинов кызматынан бошотулуп, анын ордуна милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов жетекчи болуп дайындалды.

Бүгүн, 26-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп жаӊы дайындалган Жеӊишбек Абитов өздүк курам менен тааныштырылды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bessmertiy
2020-12-26 21:31:46
Тигинде бирөөсү уктап жатат го
0
anash
2020-12-27 09:09:23
Суйунду албайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан