Биз социалдык тармакта

Түркияда кыргыз кызынын жансыз денеси табылды

Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргыз кызынын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты түрк басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, 23 жаштагы Р. К. аттуу кыздын жансыз денеси 26-декабрда Муратпаша районундагы үйлөрдүн биринен табылган.

"Кыз менен чогуу жашаган Түрк жараны полицияга берген көрсөтмөсүндө, маркум менен 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн, экөө 25-декабрда алкоголдук ичимдик ичип уктап калганын, эртең менен кыздын денеси жансыз болуп жатканын айткан. Андан кийин ал "Тез жардам" кызматын чакырганын билдирген.

Жерине келген медицина кызматкерлери кыздын каза болгондугун аныкташкан. Маркумдун денеси соттук-медициналык экспертиза үчүн өлүкканага жиберилген. Ал эми аталган аймактын прокуратурасы тарабынан бул окуя тергелип башталды", - деп айтылат кабарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gulia90
2020-12-27 18:55:49
Окунучтуу....
+10
Kombi
2020-12-27 21:11:55
Бирдемке кошуп койбодубу турк жараны
+2
aksyraion
2020-12-27 21:47:45
Негизи кыргыздын кыздары турктор менен коп суйлошот чем озбек тажиктин кыздарына салыштырмалуу
Конечно баары эмес
+8
Nuri_kyz
2020-12-28 12:04:06
aksyraion,сүйлөшсө эмне экен ал деле мусулман да,биздин кыргыз жигиттери деле турк кыздарын алышкандан бар
-3
KaGaH
2020-12-27 22:31:57
Кыргыз Наташа
+2
Bikosh2015
2020-12-28 07:42:11
Турк балдар тил менен иштейт дейт го.
Ошого чем таджик менен озбеке караганда туркторго кетип жатвшат да.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан