Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы миллион сомдон ашкан ижара акысын төлөбөй жүргөн компанияны сотко берди

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту жер тилкесин ижарага алып, акысын төлөбөй жүргөн компанияны шаардык мэрияга миллион сом төлөөгө милдеттендирди. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "М.И.С.К.Б" ЖЧКсы 2012-жылы шаардагы Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1 миң 80 чарчы метр жер тилкесин 2056-жылга чейин ижарага алган. Бирок ижарага алган тарап кызмат акысын төлөбөй келген.

Ага ылайык, ижара акысы 1 миллион 12 миң 414 сомду түзүп, мэрия сотко кайрылган. Соттун чечимине ылайык компания милдеттендирилген сумманы мэрияга төлөп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан