Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллион доллардан ашык суммага пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык долларга мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анда министрликтин айрым жооптуу адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган.

"2014-2019-жылдарга карата жүргүзүлгөн текшерүүгө ылайык, консультациялык кызматтарды сатып алууда тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөй, бааларды негизсиз жогорулатуу пландаштырылган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында "D.&T." ЖЧКсы менен 1 миллион 60 миң 730 долларга келишим түзүлүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 миллион 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.

5-декабрда Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zam81
2020-12-28 13:46:31
Иштебейт дейсинер иштеп жататко мурдагылар эмне кылышты эле жегенден башка
+2
al-abu-kinesz
2020-12-28 18:20:59
Мына ушундай результаттарды коргусу келбеген антиЖапаровчуларга не десе болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан