Биз социалдык тармакта

Куудул Жакут Сыдыковдун бир тууганы кырсыктап каза болду

Куудул жана ырчы Жакут Сыдыковдун бир тууган иниси Чыңгыз Сыдыков кырсыктап каза болду. Бул тууралуу Жакут мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Жалгыз иним бар эле, ал үй-бүлөсү менен Нарында жашачу. Кечээ, 27-декабрда Бишкекте кырсыктап каза болду. Жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Унааны токтотуп, дөңгөлөктүн алдына башын салып, тетиктерди карайын деп жатканда бир нерсе жарылып кетиптир. Алган жаракатынан улам дароо каза болуптур. Артында жубайы менен 5 баласы калды", - дейт Жакут мырза.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жакут Сыдыковдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azyk_tegin
2020-12-28 15:16:48
Арты кайрылуу болсун. Бир тууган аябай кымбат, табылгыс.
+11
al-abu-kinesz
2020-12-28 18:18:08
Арты кайырлуу болсун..
+3
Mina24
2020-12-29 08:25:47
Жаткан жерин жайлуу болсун Чынгыз алахым бейишинен орун берсин жакшы жигит элен кош бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан