Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жасалма айдоочулук күбөлүк менен такси кызматында иштеп жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторлор Приморск районундагы жол кырсыгын каттоого келип, такси айдоочусунун айдоочулук күбөлүгү шек жараткандыктан текшерүүгө алып, анын жасалма экендигин аныкташкан.