"Ош" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп баштады. Бул туурасында аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аэропорттун аймагындагы аба ырайы турукташып, ички жана сырткы каттамдар кабыл алынып жана учуп баштады.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган аэропортто аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош багытындагы ички 3 каттам кармалып, Иркутск-Ош багытындагы каттам тумандан улам "Манас" эл аралык аэропортуна келип конгон.
Рейстер тууралуу толук жана так маалымат алуу үчүн аба майдандын сурап-билүү телефону: 0312693109, 0322290101.