Социалдык тармактарда Бишкектеги Абдрахманов жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун билбей жаткан аялга "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери жардам берип жаткан видео тарады.
Видеодо көрүнүп тургандай, жолдон ары-бери өткөндөр аялдын жерде жатканын көрүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Бирок көрсөтүлгөн жардамга карабай аял эсине келе албай жатканы байкалат.