Биз социалдык тармакта

Тоо этектерине кар жаашы мүмкүн. 29-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 29-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1 градус;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте 29-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…+1 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан