Биз социалдык тармакта

Ошто президентке кат жазган балдарга белектер тапшырылды

Бүгүн, 28-декабрда Ош шаарында президентке кат жазган балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды. Бул туурасында шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун белектери аз камсыз болгон, жарым жана томолой жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 58 балага берилди. Аны Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды.
Сарыбашов ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакыт, ден соолук каалап, балдарды майрамы менен куттуктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан