Социалдык тармактарда Талас-Бишкек унаа жолунда жолдун четинде калган унааны тоноп кетишти деген видео тарады.
Бул видеону Нурлан Сагынбаев аттуу Фейсбук колдонуучусу жүктөп, унааны ээлери көрүп калышса, алып кетишсин деп жазган.
"Талас-Бишкек жолунда өтмөктөн түшүп келе жатканда Мерседес үлгүсүндөгү B5315BA номериндеги унаа өткөндө бузулуп турган. Азыр карасак, дөңгөлөктөрүн чечип кетишиптир, айнектерин, багажын, бекиткичтерин талкалап кетишиптир. Бул кимдин унаасы? Тааныштардыкы болсо айтып койсоңуздар алып кетишсин", - деп билдирген Сагынбаев аттуу колдонуучу.