Интернетке атылып алынган тоо текенин видеосу жарыяланды. Тасмадан бир жарандын атылган тоо текени кармап, лицензиясын көрсөтүп, бир нече адамга ыраазычылык айтып жатканын көрүүгө болот.
Андан соң видеонун Аксы районунун Авлетим токой чарбасында тартылганы аныкталды.
Бул маселе боюнча Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Туратбек Сатимбаев мыйзамдуу түрдө департамент тарабынан лицензия бериле тургандыгын билдирди.
"Бизде тоо текелерди атууга мыйзам чегинде берилген уруксат бар. Ал тоо текелердин санына жараша берилет. Эгерде 100 баш болсо, бешөөсүн атканга болот. Бир тоо текенин баасы 11 миң сом, каалаган адам сатып алса болот. Түшкөн акчанын 25 пайызы айыл өкмөткө которулат, 35 пайызы департаменттин өзүндө калат, ал эми 40 пайызы "Он ача" ЖЧКсынын эсебине түшөт. Лизенция сатып алган жаранга 3 жолу атууга уруксат бар, аны менен кошо департаменттин жумушчусу дагы (егерь) барат. Эгер ал үч ирет тең ата албаса акчасы кайтарылбайт. Бул жылы канча теке атылганы боюнча бизге азырынча отчёт бериле элек, 12-январга чейин берилет", - дейт Сатимбаев.
Интернетке тараган видео боюнча "Он ача" жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Эркин Чынасылов тасманын мурун тартылып алынгандыгын, аңчылык сезону 6-декабрда жабылгандыгын айтты.
"Департамент тарабынан 2020-жылга 10 тоо текеге уруксат берилген, анын 9 башы атылды. Аңчылык сезону 6-декабрда жабылды. Авлетим токой чарбасында жалпысынан 700гө жакын тоо теке бар. Лицензиянын баасы 10 миң сом. Текелерди биз атпайбыз, болгону кардар таап беребиз. Департаменттин өзүнүн жумушчусу (егерь) кошулуп чыгып, кайсы текени атуу керектигин көрсөтүп берет. Биздин коом өткөн жылы түзүлгөн. Конкурстан утуп алганбыз. Он беш жылга чейин биз карайбыз. Максатыбыз жан-жаныбарларды көбөйтүү болуп саналат. Биз аларды коргоп, карап жем, туз чачып турабыз", - дейт Чынасылов.
Ал эми Аксы "Экологиялык тартип" коомунун мүчөсү Равшан Тургуналиев тоо текелерди атууга жергиликтүү эл каршы чыгып, бирок аларды эч ким укпай жаткандыгын билдирди.
"Тоо текелерди атууга уруксат бериле тургандыгын укканда көпчүлүк жергиликтүү тургундар каршы чыккан. 2019-жылы Авлетим, Жерге-Тал айыл өкмөттөрүнөн 2 миңден ашуун кол чогултулган. Бирок аларды уккан эч ким жок. Аттырбай, коргоп, келечек муунга татыктуу өткөрүп берели деген менен четинен кырып жатышат. Мамлекет коргогондун ордуна лицензияны берип койгон", - дейт Тургуналиев.