Биз социалдык тармакта

Өлкөдө математика боюнча республикалык олимпиаданын 1-этабы онлайн режимде болуп өттү

Өлкөдө математика боюнча республикалык олимпиаданын 1-этабы онлайн режимде болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, олимпиадага 9 миң 9 окуучу катышкан. 6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен өттү. 1-2-3-орунду алгандар электрондук дипломдор менен сыйланып, калган катышуучуларга электрондук сертификаттар жөнөтүлдү.

"1-этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи финалдык этапка 9-11-класстардын арасынан 77 окуучу өттү. Финалдык этап 2021-жылдын 5-январында саат 10:00дө Кыргыз-Швед математикалык мектебинде салттык форматта өткөрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан