Биз социалдык тармакта

"Электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарылчылыгы бар" дейт Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун директору

Электр энергиясына болгон тарифти көбөйтүү зарылчылыгы бар. Бул тууралуу "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААКсынын директору Талайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, баары кымбаттап жатат, а бирок электр энергиясына болгон тарифтер өзгөргөн жок.

"Жакынкы аралыкта лимитти көбөйтүү тууралуу айтылган. Бирок муну акырындык менен ишке ашыруу зарыл. Социалдык аялуу катмарда жашаган адамдар үчүн жеңилдетилген тариф коюп берүү зарыл.

Электр энергиясынын тарифин көбөйтүү керек. Анткени керектөөчүлөр тарабынан электр энергиясын колдонуу чеги өсүп жатат. Экономиканы көтөрүү керек, ал үчүн энергетикалык кубаттуулукту арттыруу абзел. Бул биз үчүн керек. Бардык коңшу өлкөлөр электр энергиясына болгон тарифти жогорулатты.

Баары кымбаттап жатат, а бирок электр энергиясына болгон тарифтер өзгөргөн жок. Кызмат көрсөтүүлөр керектөөчүлөрдүн керектөөсүн канааттандырышы үчүн тарифтерди көбөйтүү зарыл", - деди Талайбек Байгазиев.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aizada2020
2020-12-29 16:54:47
смайликтерди кошуп койсонор бут эмлоциямды ошолор менен билдирет элем бул акмакка! Кантип арзан кылып бериш керек дегендин устунон ойлонбой кайра кымбат кылыш керек баары кымбаттап жатат деп туркой! кет башка элди ойлогон адам келсин ордуна
+8
zam81
2020-12-29 17:02:15
Лимит деп итак коп колдонбойбуз чондордун кафе ишканалары толобойт алдары карапайым элге эле жетет
+10
guard
2020-12-29 17:02:29
Бардык коншу олколор кымбаттатып атса, бизде да кымбаттатыш керек тура, эмне деген эле келесоолор келе беришет ушундай кызматтарга, сенин бизге бир тыйын да керегин жок окшойт, бизге арзан свет керек...
+5
Ma9
2020-12-29 17:07:39
Уф арзандата турган президент издеп журсок сен кымбататыш керек дейсинда булар билбейтта буларга бекер ошон учун доруй берет
+8
Kurmanbek_81
2020-12-29 17:08:45
Акмакчылык, элдин душманы, өзүбүздө өндүрүлгөн эл.энергияны арзандатпайсыңарбы. азыркы энерго тармагындагы коррупциялык системанын баарын жоюп мамлекетке алыш керек.
+9
nazarKGZ
2020-12-29 17:14:23
Чондордун баары жуз минден карыз ошолорду толоткуло сен да карысын элди ансыз да саап ичип атасынар
+10
Shabi
2020-12-29 18:22:49
Откондо нарында садырынар арзандатам деп жатты эле го
+8
guard
2020-12-29 20:41:47
Shabi,Садырыбыз азыр арзандата да, кымбатта да албайт, ал азыр болгону президенттикке кандидат да...
+1
nargiz-sa
2020-12-30 01:08:15
guard,кандидат катары эмес аткаруу бийлигинде отургандай жолугушууда чечип коем деп сөз берип жатат го
+1
guard
2020-12-30 01:28:55
nargiz-sa,чечип койгон жок, ошону аткарам, эгер президент болсом деп жатат.
0
sultan_bek
2020-12-29 19:44:31
Садыр Жапаров арзан болот деген калп чыкты
+5
Chungyz
2020-12-29 20:12:23
Кыргызстандан кетет окшойбуз
0
amirrus
2020-12-30 13:35:42
Иттин тезеги оозуна ушундай акмактар кантип келип калат кызматка, экономиканы элге кымбаттатып которосунбу,анык келесоо го бул
0
Nursul
2020-12-30 20:45:52
Бизде өзү арзанчылык болобу? Кымбаттатыш керек эле дей беришет кымбат кылып койсоңор эле геске суу толуп калабы. Эл чогулуп барып эле геске ыргытып жибериш керек окшойт буларды. Гесинерди да урдук деп жардырганы калдык уже.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан