Биз социалдык тармакта

Жогорку Соттун төрайымы: "Юрист эмес, жеке адам катары Садыр Жапаровго куугунтук болгон деген ой болгон"

Юрист катары эмес, жеке адам катары ошол кезде Садыр Жапаровго түрмөдө кол салуу болуп, куугунтук жасалган деген пикирин бүгүн, 29-декабрда Жогорку Соттун төрайымы "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

Анда Гүлбара Калиевага: "Садыр Жапаров ошол кездеги бийликтин саясий курмандыгы деген пикирге кандай карайсыз?" деген суроо узатылган.

"Азыркы талапкер Садыр Жапаровго түрмөдө кол салуу болду деп жеке адам катары шекшидим. Анткени адам өзүнө-өзү кол салбайт туурабы? Мен Жогорку Сотко судья болуп 2012-жылдын сентябрь айында келдим. 2014-жылы өз каалоом менен кеткем. Юрист катары эмес, адам катары укуктук баа бергенде анда иштин материалдарын билиш керек.

Жоопко тартылган адамдар, өздөрү куугунтук болгонун айтса тергөө органдары аныкташы керек. Эгерде куугунтук болсо, анда өздөрү эле кыскартып коюшу мүмкүн. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрылса, алар карап, баа бериши керек. Бирок мен судья катары ишти караган эмесмин. Иштин материалдары менен да таанышкан эмесмин" , - дейт Калиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
al-abu-kinesz
2020-12-29 23:59:25
Турмогун начальниги, ошондогу соттор, Садыр Жапаровго кол салган ошол тип баары азыр памперс менен жургон болуш керек! Ошондогу соттор да эми актанат да ээ ошондо жеке инсан катары оз акылым менен туюп сезип аттым Садырга куугунтук болуп атканын деп
+10
nazira...
2020-12-30 00:20:23
Беймаани бирдемелерди сүйлөптүр да, ток этээр жерин айтпай.
+6
guard
2020-12-30 01:25:43
Амалданып, ар кайсыны суйлойт ээ, адамдын тагдыры менен ойноп, конуп калышкан буларын!
+5
Taalaibek.
2020-12-30 08:35:22
Сотторду турмого камоого убакыт келсе керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан