Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментине жаңы директор болуп Шатманов Самат Бектурович дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кол койгон.
Самат Шатманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин ошондой эле Экономика, финансы институтун бүтүргөн.