Ички иштер министрлиги кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин жакындарын куттуктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-декабрда Ички иштер министрлиги кызмат учурунда курман болгон кызматкерлеринин жакындарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, белектерин тапшырышты. ИИМ каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө социалдык жактан колдоого алуу жана ар тараптуу жардам берүүгө өзгөчө көңүл бура турганын билдирди.