Бишкекте акын, драматург жана котормочу Жоомарт Бөкөнбаевдин 110 жана Кыргыз Эл акыны Тенти Адышеванын 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чара Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болуп өттү.
"Иш-чараны К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Ж.Бөкөнбаевдин жана Т.Адышеванын чыгармаларынан композициясын даярдап, концерт берди.
Салтанатка маданият министри Нуржигит Кадырбеков, президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, туугандары, үй-бүлөсү, коомдук жана маданий ишмерлер катышты", - деп жазылат маалыматта.
Атактуу акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында
туулган. Ал эми Кыргыз Эл акыны Тенти Адышева Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы Бишкек шаарында
көз жумган.