Биз социалдык тармакта

"Кыргоол атып алган". Нарында аң уулоо эрежелерин бузуу фактысы катталып, 12 миң 500 сом айып пул салынды

Нарында аң уулоо эрежелерин бузуу фактысы катталып, 12 миң 500 сом айып жана 5000 сом доо коюлду. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун тиешелүү аймактарындагы токой жээктеринде жаратылышты коргоо мыйзам талаптарын көзөмөлдөө жана браконьерчиликке бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
"Аталган иш-чарада Нарын районунун Жалгыз-Терек участкасынан аңчылык кылып жүргөн жарандар кармалып, текшерүүгө алынган. Анда Нарын районунун Кара-Чий айылынын тургуну Д.У. аттуу жаран мыйзамсыз, тактап айтканда, сезондук жолдомодо көрсөтүлбөгөн 1 даана кыргоол атып алгандыгы аныкталды. Ага Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 192-беренесине ылайык аң уулоо эрежелерин бузуу фактысы боюнча акт, протокол толтурулуп, 12 миң 500 сом айып жана 5000 сом доо коюлду", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2020-12-30 14:04:00
Охуу аябай чоң иш кылыпсынар азаматтар дуңурогон кол чабуулар.

Алынар кыргоол уулагандарга жетет да башка эмне кыла алмак эленер
+3
Baatirbek81
2020-12-30 23:53:18
Тоо теке аткандарды кармагыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан