Биз социалдык тармакта

Жаңы жыл алдында кар жаабайт. 31-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 31-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкө аймактарында кар жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшүүсү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Талас облусунда: түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Ысык-Көлдө: түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Нарын жергесинде түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -2…-4 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан