Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп Бахтияр Алиев дайындалды. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Анын талапкерлигин колдоп Байкоочу кеңештин 11 мүчөсү добуш берди.
Алгач КТРКнын башкы директорлугуна 15 талапкер арыз тапшырган.
Эске салсак, 5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин КТРКнын мурдагы төрагасы Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткен. Башкы директордун кызмат ордуна 29-октябрда сынак жарыяланган.