Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен 1-январдан тарта "Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Эркеч-Там" бекетинен унаалар 2-январдан тарта өткөрүлө баштаса, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын иши 4-январда жанданат.