30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлер Абдил Сегизбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Кочкоров, Курсан Асанов, Жеңишбек Байгуттиев жана Бабыржан Төлбаев катышуусундагы теледебат орун алган. Бирок жазылып калган дебатты Ютуб каналдан көрүү мүмкүн болбой жатканын социалдык тармактын колдонуучулары айтып чыгышты.
Анда видео өчүрүлгөнү айтылды.
БШКнын маалымат кызматынан теледебаттын эмнеге өчүрүлгөнү боюнча маселе координациялык топ тарабынан караларын билдирди.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген.