2021-жыл 3-майдагы эс алуу күнү 8-январга жылдырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.
"Дем алыш күндөрүн ырааттуу бөлүштүрүү максатында беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик орган жана муниципалдык уюмдардын, мекеме, ишканалардын 3-майдагы эс алуусу 8-январь менен алмаштырылган. Себеби Эмгек кодекси боюнча 1-май ишембиге туура келгендиктен, 3-май, дүйшөмбү күнү да дем алыш болмок", - деп жазылат маалыматта.
Жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер 1-2-3-январь жана 7-8-9-10-январь күндөрү эс алышат. Ал эми 4-5-6-январь иш күнү.