Токмок шаарындагы ооруканага 2 "Тез жардам" унаасы берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2 "Тез жардам" унаанын бири Токмок аймактык ооруканасына, ал эми дагы бири үй-бүлөлүк медицина борборуна жеткирилген.
"Аталган жаңы унааларда керектүү медициналык бардык шаймандар: электрокардиограф, дефибриллятор, кислароддук баллон, ИВЛ аппараты (колго көтөргөн) жана дары-дармектер үчүн атайын чемодан бар" деп жазылат маалыматта.
Буга чейин өлкөдө "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулдун эсебинен "Собол" жана "Газель" маркасындагы 49 "Тез жардам" унаасы сатып алынганы
кабарланган.