Биз социалдык тармакта

"Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышындагы сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүсү Нуржигит Момунбаевге сыйлык тапшырылды

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакта жеңишке жетишкендиги үчүн Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучусу, 16 жаштагы Нуржигит Момунбаевге ноутбук тапшырылды.

Мектеп-интернаттын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Назарбекова берилген сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, "Жаңы жыл - жаңы үмүттөр" аталышында балдар арасында өткөрүлгөн сынакка 45 тарбиялануучу катышканын, анын ичинен 9 сүрөт республикалык сынакка көрсөтүлгөнүн маалымдады. Жыйынтыгында Нуржигит Момунбаевдин "Сыйкырдуу шар" аталышындагы сүрөтү эң мыкты деп табылган.

Андан тышкары, Рахат Назарбекова Казыбек Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернаты 1959-жылы негизделип, алгач чабандардын балдары окутулганын, өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жетим балдар тарбиялана турган жайга айландырылганын кошумчалады.

"Азыр интернатта 231 бала окуп, 105 бала туруктуу жашайт. Алардын ичинен он бири томолой, кырк беши жарым-жартылай жетим", - деди Рахат Назарбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан