Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп Медер Бейшеналиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду. Буга чейин Медер Бейшеналиев шаардык мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.