Бүгүн, 2021-жылдын 1-январы. Бүгүнкүгө карата өлкөдө 122 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды. Маалыматты Республикалык штабдан билдиришти.
Муну менен аталган илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 81 миң 156ны түздү. Ал эми дартты жеңип ооруканадан үйлөрүнө чыгарылгандардын саны - 230. Ооруну жеңгендердин жалпы саны 76 148ди түздү.