Бүгүн, 1-январда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдан кийинки таштандылар тазаланды.
SUPER.KG порталы майрамдан кийинки "Ала-Тоо" аянтынын көрүнүшүнө күбө болду. Анда таң атпай "Тазалык" ишканасынын жумушчулары шыпыргысын көтөрүп, аянтты шыпырып, таштандылардан тазалап жүргөнүнө көз чалдыкты.
"Тазалык" ишканасынын жумушчуларынын айтымында, таштандыларды тазалоого 25 кызматкер тартылган. Тазалоо иши бүгүн эртең менен саат 05:30да башталып, 11:00дө толугу менен аянт тазаланган.
Кечээ, 31-декабрь жаңы 2021-жылга карата "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары майрамдашкан.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулган эмес.