Жаңы жыл күнү өлкө боюнча эки эгиз наристе жарык дүйнөгө келди. Эгиз наристелер Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүндө бир сутка ичинде 2020-жыл саат 8:00дөн 2021-жыл саат 8:00гө чейин 379 бала төрөлдү. Төрөлгөн балдардын ичинен 207си эркек бала болсо, 172си кыз. Бишкек боюнча 67 төрөт катталып, анын 35и эркек бала, 32си кыз", - деп жазылат маалыматта.