Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө Жаңы жыл күнү 5 кылмыш иши катталды

Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамында коомдук тартипти бузган факты катталган жок. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн бардык жайлар милиция кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен кайтарылды.

"31-декабрдан 1-январга караган түнү облустун жана меймандардын тынчтыгын 700гө жакын милиция кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошундардын 100дөн ашуун өкүлдөрү камсыз кылышты.

Массалык иш-чаралар болгон жерлерде өзгөчө кырдаалдарга, коомдук тартипти одоно бузууга жана кылмыштарга тартип сакчылары тарабынан жол берилген жок. Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүкчөлөрүндө 13 билдирүү катталды, анын ичинен 5 кылмыш жана 8 жорук.

Жол кырсыгынын 3 фактысы катталып, анда негизинен материалдык чыгым келтирилген. Мурда жасалган 2 кылмыштын бети ачылды.

Учурда Ысык-Көл облусунда кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат", -деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан