Биз социалдык тармакта

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 1-апрелге чейин узартылды

Электрондук документ түрүндөгү салык отчеттуулугун милдеттүү тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюмдар үчүн квалификациялык электрондук кол тамгасы бар электрондук документ түрүндөгү салыктык отчет берүү мөөнөтү 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Буга катар жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган, салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө, милдеттүү катары берүүгө өтүү жеке ишкерлер тарабынан 2021-жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан