Бүгүн, 1-январь Жаңы жылдын алгачкы күнүнө карата өлкөдө 1 доллардын улуттук валютага карата баасы 83 сомдон 83 сом 60 тыйынды түздү.
"Акчабар" финансы порталында көрсөтүлгөндөй, коммерциялык банктарда долларды сатып алуу 83 сомдон 83 сом 20 тыйын болсо, долларды сатуу 83 сом 40 тыйындан 83 сом 60 тыйынды түздү.
Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 83 сом 50 тыйын деп көрсөтүлөт.