Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда Жаңы жыл түнү 3 жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды

Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы жылдык мааракелерге карата коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун – миңден ашуун кызматкер камсыздашып, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, натыйжада оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде облустун аймагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – 22 арыз-доо катталган.

Алардын ичинен криминалдык милиция кызматынын багытында – 2 кылмыш катталып, экөөнүн тең бети ачылган.

Ал эми – 3 жол кырсыгы катталган болсо, 3 жаран денелеринен жаракат алышкан. Учурда облустун аймагында кырдаал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан