Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын борбордук аянтынын майрамдан кийинки абалы талкууга алынууда. Мэрия 2 жүк ташуучу унаа толо таштанды чыгарды

Социалдык тармактарда Ош шаарынын борбордук аянтынын майрамдан кийинки абалын көрсөткөн видео тарады. Анда аянтта толо таштанды жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай абалды сынга алып, шаар тургундарын тазалыкты сактап, таштандыны атайын урналарга салууга чыкырышууда.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров SUPER.KG порталына учурда борбордук аянт толугу менен тазаланганын билдирди.

"Аянт таң эрте эле тазаланган. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери 20 куб, башкача айтканда 2 жүк ташуучу унаа толо таштанды чыгарды. Таштандынын көпчүлүк бөлүгү желим бөтөлкөлөр, тамак-аштардын калдыктары жана резина шарлар.

Таштанды толуп кетпесин деп чакан урналардан сырткары атайын чоң контейнерлер орнотулган эле. Бирок, өзүңүздөр көргөндөй эл таштандыларды жолго таштап кетишиптир", - деди Абсаттаров.

Ош шаарынын борбордук аянтынын майрамдан кийинки абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talas0707
2021-01-01 18:29:11
Айт майрамда бир кагаз мусор болбойт, айтса жаман корот.
+10
stal.ks
2021-01-01 19:04:43
Бул ошол жерде шар(шарик) жардырып ойноткондор кунолуу, мусорун чачып кеткендер, жылда эле ушундай корунуш майрамдан кийин.
+8
Assalomuallekum
2021-01-01 19:55:34
Мээнетин баалап койгула ээ ишчилердин эс албай тазалап жатат ,ошол жердеги иштеткен ары бери сатып буюмдарын ошолордун иши бул
+5
Tyty1990
2021-01-01 22:05:37
Светтик өлкөдө жашайбыз, жаңы жыл чоң майрам, кыздар чачын жайып кыска кийинип жүрүш керек деген айбандардын кылганы ушул. Тарсылдап асманга акча чачылды мүйүз чыктыбы? Андан көрө ошол акчага бир бечарага жок дегенде 20 сомго эки нан алып берсе болот эле да.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан