Биз социалдык тармакта

Бишкектик тургун түтүн каптаган абадан арылуу үчүн айдоочуларды унааларын кезек-кезеги менен айдап туруусун сунуштады

Бишкектин түтүн каптаган абасын тазартуу үчүн айдоочулар унаасын шаарга кезек-кезеги менен айдап чыгып турса болот. Мындай сунуш "Бишкек бүгүн" телеграм каналында жазылды.

Сунуш берген Бишкектик тургун мындай тажрыйба чет мамлекеттерде колдонулуп келерин айткан.

"Калаабызды каптап турган түтүн Бишкектин негизги көйгөйлөрүнүн бири. Бул булганган аба менен биздин балдар, ата-энелерибиз жана жакындарыбыз дем алат. Медиктердин айтуусу боюнча түтүн аралашкан аба ден-соолук үчүн коркунучтуу. Бул маселени чечүү үчүн биз ЖЭБдин ишин токтото албайбыз. Анткени ал жалпы шаар боюнча жылуулук таратат. Жеке турак-жай ээлерине да көмүр жакпа деп айта албайбыз. Анткени бул ыкма көпчүлүгү жылынуунун жалгыз жолу.

Карантин маалында шаарда аба бир топ тазарган. Анткени шаарда унаалар азайган. Түтүн маселесин чечүү үчүн кандайдыр бир токтомдун же мэриянын буйругунун деле кереги жок. Болгону шаарга чыккан автоунаалардын санын азайтууга аракет жасашыбыз керек. Дүйнөнүн кээ бир мамлекеттеринде айдоочулар мамлекеттик номурунун жуп же так сандар менен аяктаганына жараша айдын жуп же так күндөрүндө гана унаа айдап чыгышат. Мисалы 3-январда унаасынын мамлекеттик номуру так сан менен аяктаган айдоочулар гана шаарга чыгышат. Менин сунушумду колдоп, шаарыбыздын көйгөйүн чечүүгө аракет жасап көрөлү" , - деген сунуш ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Donikg
2021-01-01 23:45:11
Андан коро тетстин фильтирин коюшсун и газды арзандатсын элдин баары газга отушмок гомур жагышпай
+4
Djumahmatov
2021-01-02 00:44:43
Тантыраба деп айтып койгулачы ошого
+1
Almaz-pazilbaiuulu
2021-01-02 00:56:02
Туугандар туман машынанын түтүнүнөн эмес бул үйлөрдөн чыкан түтүндөн
Үйлөрдүн баары центральный отоплениеге өтүшү керек
Эгер Машынадан болгондо анда Москва өлмөк
Албетте күйүчү май бул жакта таза бул дегени түтүн чыкпайт дегени эмес
Бул менин жеке ойум.
+3
Aimani
2021-01-02 02:09:55
Almaz-pazilbaiuulu,анда эмнеге айылдарда,кичине шаарларда аба таза.ал жактарда Центральный отопление жок.ар бир үйдө көмүр жагылат.Копчулугундо газ дагы жок
-3
Real_mir
2021-01-02 11:38:10
Aimani,анда неге жазда болбойт мынчалык тутун?
0
guard
2021-01-02 17:24:35
Almaz-pazilbaiuulu,))) тупа-туура!!!
0
azamat_tabaldiev
2021-01-02 05:58:02
Айыл жеринде бак дарак коп уйлор да жыш жайланышкан эмес, ал эми машиналар боюнча кээ бир мамлекетте машиналардын маркасына карап чектоо киргизилген бул ыкма менен аба дагы тазарат жана пробка да бир аз азайат мисалы мерс маркадагылар жуманын биринчи куну шаарга чыкпайт экинчи куну лексус маркасы чыкпайт дегендей эми бул менин жеке ойум.
0
nurbek56
2021-01-02 08:55:34
Биринчи тетсти газга же кундун нуруна откоруш керек экинчи мусур токкон полигонду жабыш керек аны эч Ким айтпайт ал жактан чыккан тутун бишкекти 12-ай каптайт учунчу уйлорду анан банияларды козомолго алса Бишкек кара тутундон кутулат
+3
Kari
2021-01-02 09:03:08
Зарыл жумушубух чыкканда кантебиз?Роддомго,бир жери сынып калса,каарылары барлар ,бугун эмес эртен биздин кезек,оорубай тур деп айтабы? Бардык уйлорду борбордук жылытуу системасына кошсо,электр энергиясын камсыздаса, элдерге да выгодно болмок.1 кап комур 300 сом ,орто эсеп менен.Ашып кетсе 4 кун жагасын.электрге бир айда коп болсо 1000 сомдук жагасын.Акчага да уном,аба да таза.
+1
al-abu-kinesz
2021-01-02 14:19:18
Машиналарда эмес маселе тоок мээ, биринчи себеп кышкысын жагылуучу комур, ар кандай швейный цехтерден чыккан отходдорду (банялар, копчулук уйлор) жагуудан, жана гор.свалкадан чыккан тутун шаарды каптап турат. Свалканын, ТЭЦтин маселесин чечсе болот. Центральное отоплениеге Бишкекти жана жилмассивдердин баарын улоо ото кыйын, эн жакшы вариант электричествону кышкысын арзандатыш керек. А аны Садыр Жапаров кыла алат. ГЭСтерди толук козомолго алып дагы кошумча салса эле чечилет маселе.
+1
Chungyz
2021-01-02 19:40:43
2 машинасы барлар алмак салмак айдай беришет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан