Биз социалдык тармакта

Өкмөт өкүлү Баткендеги “Тамдык” чек ара заставасынын чек арачыларынын абалы менен таанышты

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен облусунун эң алыста жайгашкан “Тамдык” чек ара заставасынын чек арачыларын Жаңы жыл майрамы менен куттуктоо үчүн барды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, “мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн чек арада, эң алыста шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканыңардын өзү эле чоң эрдик, ал эми аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы элибиздин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем. Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй-бүлө бактылуу” деп чек арачыларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу кызматтарында ийгиликтерди каалаган.

"Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды. Ак-Сай посту Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатак көп катталган аймакта жайгашкан", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2021-01-02 10:46:55
Рахмат жигиттер майрамынар менен
+3
Aybiyke
2021-01-02 11:17:22
Заставаны ондоп бергиле окмот окулдору мен уялып кеттим коруп
+2
Mital.89
2021-01-02 20:40:43
Aybiyke, Ушуга рахмат айтабергиле. Мен бул жерде служба кылганда кадимкидей эле чатырда жашачук. Эч кандай условияа жок болчу. Кышында тонуп жатчу элек.Светда жок бул жерде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан