
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, анын бирөө "кызыл зонадан" жуктурган.
Бишкек шаары – 1 (кызыл зонада);
Ысык-Көл облусу – 1.
Ал эми бир суткада үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 4 миң 120 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 932 медкызматкер сакайган.